Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

“АЛТЫН КӨПҮРӨ” ОКУУ КИТЕБИНДЕГИ ОКУП ТҮШҮНҮҮ ЖАНА АНЫН ИЛИМИЙ МЕТОДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ

Н. Мурзакматова

Бөтөн тилдүү жарандарга кыргыз тилин окутуп үйрөтүү аз гана жылдардан бери колго алынса да белгилүү деӊгээлдерде практикалык иштер жасалып, айрым тажрыйбалар өркүндөп, ишке ашырылууда. Бул багытта республикабызда эки агым менен иш жүргүзүлүп келе жатат. Биринчиси, кыргыз тилин көп жылдардан бери республикада жашаган орус тилинде сүйлөгөн контингенттерге үйрөтүү багыты, ал эми экинчиси, кыргыз тилин бөтөн тил катары окуп, үйрөнүүнү каалаган чет өлкөлүктөр үчүн үйрөтүүнүн чет өлкөлүк окутуу системасы жана методикасы болуп саналат. Бул макалада бул эки багыт бири-биринен абдан эле айырмаланып турары жөнүндө айтылат. Ошондой болсо да, бул жерде эки багытта теӊ колдонулган Окуп түшүнүү методикасынын айрым илимий-теориялык, маселелерине токтолуп, аны жүргүзүүнүн усул-ыкмаларына кайрылдык

бөтөн тил, кыргыз тили, тажрыйба, окутуу, методика, окуп түшүнүү, чет өлкөлүктөр, окутуу системасы, багыт, жөндөмдөр
362-370
Murzakmatova, N. (2023). METHODOLOGICAL BASIS FOR UNDERSTANDING IN THE TEXTBOOK “ALTIN KOPURO”. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 362-370. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.56

Колдонулган булактар

1. Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги кыргыз тилин окутуунун жаңычыл усул- ыкмалары №2 Бишкек-2012
2. “Алтын көпүрө” Кыргыз тили окуу китеби. А1, А2. Бишкек 2016
3. “Алтын көпүрө” Кыргыз тили көнүгүүлөр китеби. А1, А2. Бишкек 2016
4. DEMİREL, ÖZCAN (1991), Yabancı Dil Öğretimi (İlkeler, Yöntemler, Teknikler), Ankara
5. DEMİREL, ÖZCAN (2002), Türkçe Öğretimi, Ankara