Кабыл алынган убакыт 18.04.2023, Түзөтүлгөн 24.07.2023, Кабыл алынган 18.08.2023

БОЛОЧОК МУГАЛИМДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ АЛУУСУНДА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕНИ ИШКЕ АШЫРУУНУН БАГЫТТАРЫ

Г. Адылбек кызы, Н. Мааткеримов

Бүгүнкү күндө жаш адистердин кесиптик жана турмуштук көйгөйлөрдү практикалык түрүндө чечмелөөлөр үчүн алардын алган билимдер, билгичтиктер менен көндүмдөрдөн көпчүлүк учурларда көз каранды болбойт. Учурда ал терминдерден тышкары “компетенттүүлүк” жана “компетенциялар” түшүнүктөрү билим берүүнүн заманбап максаттарын тереӊирээк канааттандыруучулар катары пайдаланылып келе жатат. Макалада авторлор компетенттүүлүк мамиленин маӊызын заманбап билим берүү парадигма катары ачыктоодо келечектеги педагогдун изилдөөчүлүк компетенттүүлүгүн калыптандыруунун шарты сапатында актуалдаштырышты. Билим берүүдөгү компетенттик мамиле окутууда “акыркы жыйынтык” көйгөйүн – метапредметтик жалпы окуулук билгичтиктер менен көндүмдөр, ишмердүүлүктүн жолдору жөнүндө билимдерди калыптандыруу милдетин ийгиликтүү чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Окутуунун интеграциялык мүнөзүн жүзөгө ашырууга шарттар түзүлөт, алар дүйнөнүн бирдиктүү илимий сүрөттөлүшүн калыптандырууга көмөктөшөт. Республиканын билим берүү системасына компетенттүүлүк мамилени жүзөгө киргизүүнүн зарылдыгынын себептерин негиздешти жана мугалимдин изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн калыптандыруу этаптары мүнөздөлдү. Болочок мугалимдин негизги изилдөөчүлүк билгичтиктерин баяндоого көӊүл бурулду

компетенттүүлүк мамиле, компетенциялар, түйүндүү компетенттүүлүктөр, билим берүүчүлүк компетенция, мугалимдин чыгармачылыгы, изилдөөчүлүк ишмердүүлүк, изилдөөчүл компетенциялар
20-28
Adylbek kyzy, G., & Maatkerimov, N. (2023). DIRECTIONS FOR THE IMPLEMENTATION OF THE COMPETENCE- BASED APPROACH IN PEDAGOGICAL EDUCATION OF THE FUTURE TEACHER. Bulletin of the Bishkek State University, 21(2), 20-28. https://doi.org/10.35254/bsu/2023.65.06

Колдонулган булактар

1. «Кыргыз Республикасынын 2018-2040-ж.ж. өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясы». КРнын Президентинин 31.01.2018-ж. № 221 Жарлыгы менен бекитилген. – Бишкек, 2018. – 156 б.
2. Абдрахманов Т.А., Ногаев М.А. Азыркы билим берүүдөгү компетенттик мамиле. – Бишкек, 2014. – 121 б.
3. Асипова Н.А. Заманбап билим берүү парадигмалары. – Бишкек: ОсОО «Камилла принт», 2019. – 362 б.
4. Мамбетакунов Э. Мугалимдик кесипке даярдоонун методологиясы // Ж. Баласагын ат. КУУнун педагогика фак-нин 10-жылд. ж-а п.и.д., проф. Н.О. Мааткеримовдун 70-жылд. арналган ΙV Эл аралык илим.-практ. конф. макалалар жыйнагы . – Б.,2019. – 76-80 бб.
5. Ильин Е.П. Психология творчества, креативности, одаренности. – СПб.: Питер, 2009.
6. Иванова С.В., Сериков В.В. Как подготовить педагога исследователя? // Alma mater, 2019, № 1. – С. 39-47.
7. Мааткеримов Н.О., Шаршенова Х.А. Табигый илимий предметтердин болочок педагогдорунун физика боюнча изилдөөчүлүк компетенцияларын өнүктүрүү // Кыргызстан ЖОЖдорунун кабарлары, 2020, № 2.