ЖОГОРКУ КЛАССТАРДА АДАБИЙ ЧЫГАРМАЛАРДЫ ЭТНОПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕ ОКУТУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ
К. КенжешевМакалада орто мектептердин жогорку класстарына этнопедагогикалык негизде билим берүүнүн зарылдыгы каралат. Ал адабий чыгарманын сюжетинде, идеялык мазмунунда берилген этномаданий түшүнүктөрдү окутуу аркылуу окуучулардын маданий жана социалдык-инсандык компетенцияларын калыптандыруу жолдорун ачыктайт. Этнопедагогикалык негизде окутуу проблемасын кыргыз адабият сабагына байланыштыруу менен азыркы учурдагы билим берүүнүн абалы, андагы көйгөйлөр, окуучуларга калыптандыруучу социалдык-инсандык компетенцияларын мааниси белгиленип, аларды орто мектептин жогорку классынын окуучулары жеке турмушунда колдонуудан кандай натыйжа алына тургандыгы жөнүндө проблема, аны изилдөөнүн зарылдыгы көтөрүлөт. Мында окутуунун азыркы деңгээлине баа берүү аркылуу балдар кабыл алган этнопедагогикалык билимди турмуш менен байланыштуулугун жогорулатууга тиешелүү маселелер кепке тартылат
Колдонулган булактар
1. Рысбаев С. К. Кыргыз башталгыч мектептеринде адабиятты окутууну этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү. пед. илим. докт. авторефераты. – 2006, 15- бет.
2. Волков Г.Н. Этнопедагогика. Учебник для студентов средних и высших педагогических учебных заведений. – М.: АКАДЕМА, 2000, 3 – 14-беттер.
3. Рахимова М.Р., Панкова Т. В. Кыргызская народная педагогика. – Б.: 1993. 126 – 132-беттер.
4. Асипова Н. Билим философиясы жана тарыхы. – Б.: 2010, 14-бет.