БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТЕ АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Б. Үкүева, Э. МусаеваБул макалада англис тилин үйрөнүүдө башталгыч класстын окуучуларынын психологиялык, физикалык, моралдык жана сүйлөө даярдыгынын өзгөчөлүктөрүн аныктоо, башталгыч класстарда англис тили мугалиминин эффективдүү иштешинин педагогикалык жана методикалык шарттарын белгилөө, башталгыч мектепте чет тилин окутуунун оюн ыкмаларын ачуу жөнүндө сөз болот. Башталгыч класстын окуучулары үчүн англис тили сабактарында оюн материалын колдонуунун эффективдүүлүгү каралат. Анткени, оюн материалы- чет тили боюнча сүйлөөнүн мыкты үлгүсү болуп саналат. Ойноо - балдар үчүн эң жагымдуу билим алуу ыкмасы. Оюн аркылуу көпчүлүк окуучулар чет тилинде баарлашууну үйрөнүшөт. Чет тилинде фразаларды жана сөз айкаштарын жаттоо менен үйрөнүшөт. Башталгыч класстын окуучулары үчүн тилдин ар кандай интонацияларын, сөздөрдүн ортосундагы мүмкүн болгон байланыштарын өздөштүрүү оңой болот. Үйрөнүлүп жаткан чет тилдин түзүлүшүн түшүнүү жана албетте, бөтөн элдердин маданиятынын татаалдыгын жана ар түрдүүлүгүн чечмелөө оңой болуп калат. Мектеп окуучулары үчүн сабактар кызыктуу жана өзүнө тартып туруусу үчүн оюн материалын колдонуу азыркы замандын талабына жооп берет
Колдонулган булактар
1. Беспалько В. П. Слагаемые педагогической технологии. – М.: Педагогика, 1989. –192 с.
2. Минскин Е. М. От игры к знаниям: развивающие и познавательные игры мл. школьников: пособие для учителей. –М.: Просвещение, 1982. –192 с.
3. Пучкова Ю. Я. Игры на уроках английского языка: метод. пособие. – М.: ООО «Издательство АСТ», 2005. – 78 с.
4. Скаткин М. Н. Активизация познавательной деятельности учащихся в обучении. – М., 1965. –183 c.
5. Щукина Г. И. Активизация познавательной деятельности учащихся в обучении: учеб. пособие. – М.: Просвещение, 1979. – 160 с.
6. Эльконин Д. Б. Психология игры. – М. Педагогика, 1978. – с. 208-212.
7. Малькова Б. Ж. Функции прилагательных в английском языке. БМУ жарчысы, №2 (32) – 2015. – 16 б.