БАШТАЛГЫЧ КЛАССТА ОКУУЧУЛАРДЫ САБАТТУУЛУККА ҮЙРӨТҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИ
Г. НусуповаБул макалада башталгыч класстарда сабаттуулукту кантип жогорулатуу керектиги жөнүндө педагогикалык идеялар жана сабаттуулукка үйрөтүү методикасынын илимий негиздери берилген. Сабаттуулук мезгилинде эне тили билимдин пайдубалы экендиги жана негизги сүйлөө жөндөмдүүлүктөрүнүн (окуу жана жазуу) калыптанышы көрсөтүлгөн. Окуучуларды компетенцияларга ээ кылууну ишке ашырууда мугалим окууучу менен жекече иштөө, проблемалык окутуу, окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн активдештирип окутуу, ж.б.окутуунун технологияларын жетекчиликке алуусу зарыл экендиги баса белгиленген. Сабаттуулукка тарбиялоонун багыттары сунушталган. Заманбап билим берүү технологияларын сабакта колдонуу менен башталгыч класстардын мугалими окуу процессине жаңыча көз карашта карап, инсанды калыптандыруунун психологиялык механизмдерин өздөштүрүп, натыйжалуу ийгиликтерге ээ болуусун баса белгиленген. Окуучуларга ишмердүүлүктүн тигил же бул тармагында белгилуу бир билимди, көндүмдөрдү гана өздөштүрүп тим болбостон, алардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жардам бере турган жаңы ыкмаларды окуу процессине киргизүү бүгүнкү күндө педагогикалык милдеттердин бири экендиги көрсөтүлгөн
Колдонулган булактар
1. Сартбаев К., Акунова А., Мураталиева А. “Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуу методикасы” - Б., 2013.109-б.
2. Рысбаев С., Бекбаева Ч., Айдакеева Ч. “1-класста Алиппени окутуу” –Б., 2017.
3. Шаматов Д. “Билим – бакыт канаты” – Б., 2022. 44-б.
4. Рысбаев С.К. “Алиппе” – Б., 2008. 29-б.
5. Кыдыров Ы. “Кыргыз руху” (Кыргыз гезиттер айылы)., 04.02.2011.4-б.