КӨП ТИЛДҮҮ ЧӨЙРӨДӨ ТИЛ ҮЙРӨТҮҮНҮН ТЕОРИЯЛЫК- ПЕДАГОГИКАЛЫК ӨБӨЛГӨЛӨРҮ
А. БекбоеваБул макалада Европа өлкөлөрүнүн, Орусиянын, Казак Республикасынын көп тилдүүлүктү мектепке чейинки мекемелеринде колдонуу менен жетишкен алдыңкы тажрыйбалары каралган. Бала бакчада салыштырмалуу жемиштүү болуп эне тилдин негизиндеги көп тилдүү билим берүү программасы саналат. Эне тилди өнүктүрүү экинчи тилди ийгиликтүү үйрөнүү үчүн өзгөчө маанилүү: адам качан өзүнүн оюн жок дегенде бир тилде топтоп, айта алганда гана эки тилдүүлүк өнүгөт. Ошон үчүн, экинчи тил топтун билим берүү-тарбиялоо процессине балдар үч жашка толгондон кийин киргизилет, балада ага карата, эреже болгондой, эне тилинде сүйлөөсү калыптанып калат.Эне тилдин негизинде балада сүйлөшүүнүн түрдүү кырдаалдарында тилди пайдалануунун биринчи көндүмдөрү калыптанат, ал эми экинчи тил башка этникалык топтор менен пикир алышуу каражаты болуп кызмат кылаары тууралуу макалада баса белгиленген
Колдонулган булактар
1. «Диалог баарлашуу» Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүү жөнүндө маалымат-усулдук бюллетени. №1№- 2013.- 6-8-б.
2. Колин Бэйкер., Уейн Е. Райт Основы билингивизма и билингвального образования. – Б., 2020.
3. Стоянова А., Глушкова М., Булатова В. Ключевые аспекты многоязычного и поликультурного образования. – Б., 2020.
4. Булатова В., Голубева А. Бала бакчадагы көп тилдүүлүк. – Б., 2021.
5. Протасова Е., Родина Н. Обучение второму языку//Детский сад: теория и практика. 2012.- №8.- С.6-27.
6. Калысбек К. Б. Основные направления социально-педагогической работы с детьми мигрантов//Вестник БГУ. 2016.-№ 2 (36).- С.103-105.