БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕРИ САБАКТАРЫНДА СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШИН УЮШТУРУУ ӨЗГӨЧҮЛҮКТӨРҮ
С. Касмалиева, А.С. КасмалиеваМакалада жогорку окуу жайларында чет тилдерин окутууда билим берүү технология- ларын колдонуунун актуалдуу маселелери каралат. Авторлор компетенттүүлүк мамиле- нин өзгөчөлүктөрүн жана студенттердин өз алдынчалуулугун өнүктүрүүгө багытталган окуу процессин уюштуруунун ар кандай формаларын изилдешет. Методологиялык не- гизи интерактивдүү, долбоордук жана маалыматтык-коммуникациялык окутуу техно- логияларын талдоону камтыйт. Изилдөө заманбап билим берүү ыкмаларын: иштиктүү оюндарды, топтук долбоорлорду жана тилдик компетенцияларды калыптандыруу үчүн мультимедиялык презентацияларды киргизүүнүн натыйжалуулугун көрсөтөт. Студент- тердин керектүү материалдарды өз алдынча издөө жөндөмдүүлүгүнө, чыгармачыл инсан болууга жана окутуучунун студенттердин кесиптик даярдыгын эске алуу менен өз ал- дынча ишти уюштуруудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыктары чет тилин үйрөнүү процессинде өз алдынча билим алуу жана сынчыл ой жүгүртүү көн- дүмдөрүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын тастыктайт
Колдонулган булактар
1. Новиков, А. М. Постиндустриальное образование / А. М. Новиков. – Москва : Эгвес, 2008. – 136 с.
2. Дюшеева, Н.К. Психолого-педагогические основы профессионально-личностного формирования будущего учителя в вузе: автореф. дис. ... д-ра. пед. наук: 13.00. 01 / Н. К.
Дюшеева. – Бишкек : 2009. – 43 с.
3. Джон Равен. Компетентность в современном обществе: выявление, развитие и реа- лизация / пер. с англ. под общ. ред. В. И. Белопольского. – Москва : Когито-Центр, 2002. – 479 с.
4. Семенчук, Ю. С. Самостоятельная работа студентов по иностранному языку как фактор / Ю. С. Семенчук // Вестник науки Сибири. – 2013. – № 2(8). – С. 180-185.