МАХМУД КАШГАРИНИН «ДИВАНУ ЛУГАТ АТ-ТҮРК» ЭМГЕГИНДЕГИ ТАТААЛ СӨЗДӨРДҮН ЛЕКСИКА-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Сезим Жылдызбек кызы, Б.Ж. УсмамбетовМакалада байыркы түрк тилиндеги татаал сөздөрдүн лексика-семантикалык өзгөчөлүктөрү каралат. Ошондой эле иликтенген айрым татаал сөздөрдүн чыгыш теги аныкталды. Алардын чыгыш тегин аныктоодо салттык илимий изилдөөлөр жана көркөм чыгармалардагы материалдар алынды. “Дивандагы” татаал сөздөрдү кароодо кыргыз тилиндеги диалектилик, тектеш жана тектеш эмес тилдердеги татаал сөздөрдү салыштыруу иретинде колдонулду. Аталган сөздүктө татаал сөздөр көп кездешкендиктен, ар бир сөздүн маанисин, структуралык жактан компоненттеринин жайгашуусу, өзгөрүүсү сыяктуу маселелер да көңүл чордонунда калган жок. Махмуд Кашгаринин баа жеткис бул эмгегиндеги лингвистикалык маалыматтар азыркы кыргыз тилибиздин материалдарына тарыхый-салыштырмалуу мүнөздө ишке ашырылды. Айрым сөздөрдү уңгу мүчөгө ажырашы жана тыбыштык өзгөрүүгө дуушар болуусу этимологиялык иликтөөнүн негизинде аныкталды
Колдонулган булактар
1. Махмуд Кашгари “Түрк тилдеринин сөздүгү” [тест]. / Кыргыз тилине которгондор: Т.Токоев, К. Кошмоков, Бишкек : – 2011, 906 бет.
2. Сейдакматов К. Кыргыз тилинин этимологиялык сөздүгү [тест]. / К. Сейдакматов, Фрунзе : “Илим” – 1988, 332 бет.
3. Древнетюркский словарь. Л. : Наука, – 1969, 576 стр.
4. Дыйканов К. Кыргыз тилинин тарыхынан [тест]/ Дыйканов – Фрунзе : Мектеп. – 1980, 154 бет.
5. Усмамбетов Б. Махмуд Кашгаринин “Дивану лугат ат-түрк” эмгегиндеги турмуш- тиричиликке байланыштуу түшүнүктөрдү туюндурган лексикалык каражаттар (этнолингвистикалык анализ [тест ]. / Б. Усмамбетов, Бишкек -2016, 310 бет.
6. Сыдыков С. Байыркы түрк жазуусу (VII-X кылымдар) [тест]/С. Сыдыков, Бишкек,
2001.
7. Чувашско-русский словарь. 1973, 702 стр.
8. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (КТТС) Ф.,: Мектеп, 1969. 778 бет.