Кабыл алынган убакыт 16.07.2025, Түзөтүлгөн 12.12.2025, Кабыл алынган 29.12.2025

«УЛУТТУК РУХ – ДҮЙНӨ БИЙИКТИКТЕР» ДОКТРИНАСЫ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРАНДЫККА ТАРБИЯЛООНУН ЖАНА БИРИКТҮҮНҮН МЕТОДОЛОГИЯЛЫК НЕГИЗИ КАТАРЫ

Н. Асипова

Макалада Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2024-жылы кабыл алынган «Улуттук рух – дүйнө бийиктиктер (Уңгужол)» Доктринасынын фундаменталдык мааниси жана методологиялык аспектилери каралат. Доктрина жарандык жоопкерчилик менен улуттук-маданий иденттүүлүктү калыптандыруунун методологиялык негизи катары талданат. Изилдөөнүн максаты — Доктринанын мазмунун анализдеп, заманбап билим берүү тутумунда тарбиянын максаттары менен мазмунун жаңылоодогу маанисин аныктоо. Системалуу-аналитикалык ыкма колдонулуп, кыргыз элинин руханий-адептик баалуулуктарын чагылдырган негизги түшүнүктөр ачылган. Макалада коомдук жоопкерчиликке, патриоттуулукка жана улуттук руханий мурастарды түшүнүүгө жөндөмдүү инсанды тарбиялоонун зарылдыгы белгиленет. Уңгужол Доктринасы коомду консолидациялоонун, жарандык иденттүүлүктү чыңдоонун жана улуттук баалуулуктарга негизделген туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык негизи катары мүнөздөлөт.

Уңгужол, улуттук рух, жарандык тарбия, методология, руханий баалуулуктар, маданий мурас, иденттүүлүк, патриоттуулук, коомдук биримдик, туруктуу өнүгүү
40-46
Asipova, N. (2025). THE DOCTRINE “NATIONAL SPIRIT – WORLD HEIGHTS” AS A METHODOLOGICAL BASIS FOR CIVIC EDUCATION AND CONSOLIDATION OF KYRGYZSTAN. Bulletin of the Bishkek State University, 23(4), 40-46. https://doi.org/10.35254/bsu/2025.74.6

Колдонулган булактар

  1. Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 КР Прездентинин жарлыгы менен бекитилди. – URL: https://cbd.minjust.gov.kg/18-11/edition/23328/kg
  2. Асипова, Н. А. Заманбап билим берүү парадигмалары / Н. А. Асипова. – Бишкек : Камила Принт, 2019. – 362 с.
  3. Байгазиева, С. Улуттук космополитизмден тарбиянын патриоттук концепциясына карай // Aryba.kg. – 2023. – Маалыматка кайрылуу: 22.02.2025.
  4. Мусина, А. А. Гражданско-патриотическое воспитание учащихся Кыргызстана // Педагогика и жизнь. – 2017. – № 4. – С. 45–50.
  5. Урмат, А. Патриотическое воспитание студенческой молодёжи в современных условиях // Вестник Юсуп Баласагына КНУ. – 2022. – Т. 14, № 2. – С. 23–32.
  6. Тиллабаева, Ж. Проблемы патриотического воспитания школьников в современных условиях // Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А. Мырсабекова. – 2022. – № 2(2). – С. 179–184.