“КИТАБ-И МАДЖМУ‛-И ТАРДЖУМАН-И ТУРКИ ВА ‛АДЖАМИ ВА МУГАЛИ ВА ФАРСИ” ЭСТЕЛИГИНДЕ БЕРИЛГЕН СӨЗДӨРДҮН ТЕМАТИКАЛЫК ЖАКТАН СЕМАНТИКАЛЫК ТОПТОРГО БӨЛҮНҮШҮ
А.Т. СатиевМакалада «Китаб-и маджму-и тарджуман-и турки ва аджами ва мугали ва фарси» аттуу тарыхый эстелик орто кылымдык лексиканын уникалдуу булагы катары каралган. Сөздүктөгү материалдарга семантикалык жана тематикалык жактан талдоо жүргүзүлүп, он жети лингвистикалык багыт бөлүнүп көрсөтүлгөн. Изилдөө ыкмасы лексикалык бирдиктердин категорияларын аныктоого негизделген: антропонимдер, астрономиялык жана географиялык терминдер, жаныбарлардын, куштардын жана курт-кумурскалардын аталыштары, туугандык аталыштар, адамдын дене мүчөлөрүнө тиешелүү сөздөр, тамак-аш, кийим-кече, аскердик шаймандар, музыкалык аспаптар, акча жана өлчөм бирдиктери, оорулар жана дары-дармек аттары. Натыйжалар терминдердин категориялар жана тилдер боюнча бөлүштүрүлүшүн, заим сөздөрдүн келип чыгышын, калькалоо өзгөчөлүктөрүн жана байыркы лексикалык негиздердин сакталышын көрсөттү. Тарыхый жана маданий факторлор талданып, эстеликтин түрк тилдерин изилдөөгө кошкон салымы баса белгиленди. Жыйынтыктар Борбор Азия лексикасын тереңирээк түшүнүүгө жана кийинки лингвистикалык изилдөөлөргө негиз боло алат.
Колдонулган булактар
- Гаркавец, А. Н. Китаб-и Маджму-и Тарджуман-и Турки ва Аджами ва Мугали ва Фарси. «Сводная книга переводчика по-тюркски, и по-персидски, и по-монгольски, и на фарси» Халила бин Мухаммада бин Йусуфа ал-Кунави / А. Н. Гаркавец ; при участии О. О. Туякбаева. – Алматы : Баур, 2019. – 600 с.
- Жумакунова, Г. Ж. Түрк лексикографиясынын тарыхынан (Түрк сөздүктөрүндө илимий принциптеринин калыптанышы) / Г. Ж. Жумакунова ; жоопт. ред. Б. Ө. Орузбаева. – Бишкек : Илим, 2009. – 308 б.
- Курышжанов, А. К. Исследование по лексике "Тюрко-арабского словаря" / А. К. Курышжанов. – Алма-Ата : Наука, 1970. – 308 с.
- Карасаев, Х. К. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү / Х. К. Карасаев. – Бишкек : Мам. тил жана энцик., 2009. – 639 б.
- Коңурбаева, Р. Э. "Codex Cumanicus" (VIII–XIV к.) жазма эстелигинин кыргыз тилине катышы : монография / Р. Э. Коңурбаева. – Бишкек, 2011. – 225 б.