БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮН ӨНҮКТҮРҮҮДӨ МЕКТЕП КИТЕПКАНАЛАРЫНЫН РОЛУ
Г.И. МукамбетоваМакала мектеп китепканаларынын заманбап билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү ролун изилдөөгө арналган. Китепканалардын окуучуларда маалыматтык маданиятты калыптандыруудагы жана мектептин билим берүү программаларын ишке ашыруудагы мааниси каралат. Мектеп китепканаларынын ишмердүүлүгүнүн эл аралык стандарттары ИФЛА/ЮНЕСКО документтеринин негизинде талданып, Кыргызстандагы китепканаларда маалыматтык технологияларды жана окуу китептерин башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү тажрыйбасы көрсөтүлөт. Мектеп китепканаларынын форумдарын уюштуруу жана республикадагы китепканачылардын квалификациясын жогорулатуу программаларынын натыйжалары берилет. Мектеп китепканаларынын негизги көйгөйлөрү аныкталган: каржылоонун жетишсиздиги, кадр тартыштыгы жана техникалык жабдуунун бирдей эмес деңгээли. Билим берүү процессин сапаттуу колдоо үчүн мектеп китепканаларынын статусун жогорулатуу, китепканачылардын санариптик компетенцияларын өнүктүрүү жана бирдиктүү электрондук маалыматтык мейкиндик түзүү зарылдыгы негизделет.
Колдонулган булактар
- IFLA School Library Guidelines / edited by B. A. Schultz-Jones and D. Oberg. – 2nd revised ed. – The Hague : International Federation of Library Associations and Institutions (IFLA), 2015. – 72 p. – URL: https://www.ifla.org/files/assets/school-libraries-resource-centers/publications/ifla-school-library-guidelines.pdf (дата обращения: 14.11.2025). – Текст : электронный.
- IFLA-UNESCO School Library Manifesto 2025 / International Federation of Library Associations and Institutions, United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization. – The Hague : IFLA ; Paris : UNESCO, 2025. – URL: https://repository.ifla.org/handle/20.500.14598/2773 (дата обращения: 14.11.2025). – Текст : электронный.
- Руководство для школьных библиотек в глобальном профессиональном сообществе / под редакцией Б.-А. Шульц-Джонс, Д. Оберг ; [перевод с английского]. – Москва : Ассоциация школьных библиотекарей русского мира, 2018. – 79 с. – Текст : непосредственный.
- Информационные технологии для развития школьных библиотек : методические рекомендации / С. М. Авдеева, Л. Л. Босова, О. И. Заичкина, Н. В. Никуличева, О. Р. Старовойтова, С. С. Хапаева. – Москва : Федеральный институт развития образования, 2015. – 139 с. – Текст : непосредственный.
- Kumbhar, R. Essential Competencies of Indian School Librarians in the Digital Age: A Study / R. Kumbhar, D. Pattanshetti // IFLA World Library and Information Congress. – Singapore : IFLA, 2013. – URL: https://library.ifla.org/id/eprint/119/ (дата обращения: 14.11.2025). – Текст : электронный.
- Об образовании : Закон Кыргызской Республики от 11 августа 2023 года № 179. – URL: https://edu.gov.kg/ru/normativno-pravovaya-baza/zakon-kr-ob-obrazovanii/ (дата обращения: 14.11.2025). – Текст : электронный.